Кыргызстан Германия менен эл аралык авиакаттамдарды ачууга кызыкдар

Бүгүн, 20-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын «Lufthansa» компаниясынын КМШ жана Россия боюнча департаментинин директору Рональд Шульц менен Берлинде жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин айтымында, элчи Эрлан Абдылдаев Кыргызстан мамлекетинин туристтик жана транзиттик дарамети тууралуу айтып, Кыргызстандын Европа мамлекеттери менен, айрыкча Германия менен эл аралык авиакаттамдарды ачууга кызыкдар экенин айткан.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын авиакомпаниялары «Lufthansa» авиакомпаниясы менен кызматташууну түзүү тууралуу мүмкүнчүлүктөр талкууланды.