Кыргызстан-Германия соода-экономикалык кызматташтыгы жакшыртылат

Кечээ, 24-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушуусунда Германия мамлекетинин таасирдүү экономикалык уюму 2021-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кыргыз тараптын өз ара аракеттенүү маселелерин угуп, талкуулаган.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы аралыкта коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал толугу менен турукташат деп үмүттөнүштү. Буга байланыштуу, ушул жылы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну жандандырууга багытталган иш-чараларды уюштуруу боюнча биргелешкен пландар белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар Тышкы иштер министри Абдылдаев 2021-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда Европа Биримдиги-Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун өткөрүү пландары жөнүндө маалымат берип, ага Германиянын ишкер чөйрөсүн активдүү катышууга чакырган.