Кыргызстан жана Казакстан чек ара аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн макулдашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жүк ташуучу унаа каражаттарынын токтоп туруусу маселеси боюнча видеобайланыш режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү макулдашууларга жетишилди: 

— Кыргыз Республикасынын Салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан жүк ташуучу транспорт каражаттарын ташылуучу товарларга электрондук эсеп-фактураларсыз чыгарууга тыюу салат;

— Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ өлкөлөрүнө Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен ташылып келе жаткан товарларга электрондук эсеп-фактуралары бар жүк ташуучу унаа каражаттарына карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөйт;

— Электрондук эсеп-фактураларда Кыргыз Республикасынан Казакстанга белгиленбеген импорттолуучу товарлар аныкталган учурда, Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына кайтаруу боюнча чараларды көрөт;

— Электрондук эсеп-фактураларда көрсөтүлбөгөн товарларды аныктоо транспорт каражатынын жүк бөлүгүн ачуу зарылдыгын жокко чыгарган инспекциялык көзөмөлдөө комплексин колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн;

— Жүк ташуучу унааларды артка кайтарууда эки тарап тең Whatsapp мессенджер тобуна унаанын мамлекеттик номерин көрсөтүп, электрондук эсеп-фактураларды жана кайтаруу себептерин тиркөө менен билдирүү жөнөтөт. Топтун курамына Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын жана Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчилери кирет.

Тараптар ошондой эле бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын операторунун навигациялык пломбаларын Казакстанда колдонуу маселесин иштеп чыгууну жана товардык позициялар боюнча Кытайдан Кыргыз Республикасына жана Казакстанга импорттоону талдоону макулдашты. Мындан тышкары, тараптар жакынкы күндөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында пайда болгон жүк ташуучу унаалардын тыгынын жоюу максатында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ишин күчтөндүрүүнү макулдашты. Көрсөтүлгөн чаралар Арзыбек Кожошев жана Бахыт Султанов кол койгон жыйынтык протоколго киргизилген.