Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары болду. Кыргызстандын башчысынын алыскы чет өлкөгө биринчи иш сапары кыргыз-түрк мамилелеринин 30 жылдыгына туура келди. Бул жылдар аралыгында Түркия чындыгында эле Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп калды, кызматташтык системалуу жана келечекке багытталган. Бүгүн Анкара Бишкектин беш башкы соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат. Ошондуктан иш сапардын көпчүлүк бөлүгү экономикалык жана соода мамилелерине бөлүндү, бул тема мамлекет башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында гана эмес, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жогорку кеңешинин 5-жыйынында да талкууланды.
Иш сапардын алкагында дагы эмнелер макулдашылды:
- Эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү;
- Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө эки өлкө ортосундагы ири долбоорлордун бири болгон Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын расмий түрдө ачуу;
- Өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантуу жана эл аралык «Манас» аэропортун Азиядагы транспорттук-логистикалык борбор катары колдонуу;
- 2021-2022-жылдары кыргыз жана түрк маданий күндөрүн өткөрүү;
- Түркиянын ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү;
- Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту чыңдоо жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана ошондой эле коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүү.











