Кыргызстан Кумтөр боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү 15-мартка чейин аяктайт

Кыргызстан Кумтөр боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү 15-мартка чейин аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

«Тынч ажырашууну макулдашып бүттүк. Жакында президент айтып чыгат, маалыматтын баарын беребиз, парламентке дагы беребиз. Кумтөргө тышкы башкаруучуну киргизгенде бюджетинде болгону 48 миллион доллар бар болчу. Жылдын аягын бүтүрдүк. Жалпысынан 329 миллион долларга чейин киреше көрдүк», — деди ал.