Кыргызстан Кытайдан 1,1 миллион «Sinopharm» вакцинасын алат

Архив

Министрлер кабинети президенттин тапшырмасы боюнча Кытайдын өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы «Sinopharm» вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу аталган кабинеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сатып алынган 1,1 миллион вакцинанын дозасы жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасына атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген «Sinopharm» вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинет», — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин аталган кадамы Кытайдын өкмөтүнүн Кыргызстанга эмдөөлөрдү жеткирүү тууралуу өз учурундагы чечимине жараша орун алган жана өлкө тургундарын вакцинациялоо темпин тездетүүгө жана COVID-19 дарты менен ооругандардын жана андан каза болгондордун санын кыскартууга мүмкүндүк берет. Республикага вакцинанын жеткирилиши жана калкты вакцинациялоо маселеси Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө.