Кыргызстан менен Казакстан чек арада токтоп турган жүк ташуучу унаалар маселесин талкуулады

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов Кыргызстандынн аймагынан Казакстанга жана Орусияга багыт алган жүк ташуучу унаалардын токтоп тургандыгы боюнча маселени талкуулады.

Кожошев белгилегендей, ушул жылдын март айынын соңунда видеобайланыштын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар толук көлөмдө ишке ашырылбай жатат. «Биз коштоочу документтери туура эмес, же документи такыр жок болсо, казак тарап мындай унааларды артка кайтарып берет деп макулдашканбыз. Иш жүзүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги күн өткөн сайын көбөйүүдө. Келишимдер бир жактуу аткарылбай жаткан болсо, биздин эки тараптуу мамилелерибизге кесепети тиет», — деди Арзыбек Кожошев.

Маселени тыкыр талкуулоодон соң, 19-апрелде казак тарап менен эки өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы токтоп турган жүк ташуучу унаа каражаттарынын маселесин чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алуу үчүн видеобайланыш режиминде кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.