Кыргызстан менен Орусия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 24-февралда Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орусияга жасаган иш сапарынын негизинде  Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Орусиянын Энергетика министри Николай Шульгинов менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушуусунда энергетика тармагы, анын ичинде Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилердеги кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы, ошондой эле бул жаатта эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечеги талкууланган.

Ошондой эле эки жак өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча тыгыз байланыштарды улантууга бири-бирине кызыкдар экенин билдиришкен.