Кыргызстан менен Өзбекстан маданият тармагында кызматташмай болду

Кечээ, 10-март күнү Өлкөнүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин айтымында, жолугушууда эки өлкөнүн министрлери ушул жылга пландаштырылган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды өткөрүүдө тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле министр Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы өзбек маданияты канчалык жогору бааланып, популярдуулукка ээ болуп жаткандыгына токтолуп, ырларга жана тасмаларга токтолуп, көптөгөн белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрү Ташкенттеги көркөм сүрөт окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү болгонун баса белгилеген.