Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты

Бүгүн, 11-майда Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан тышкы иштер министрлеринин 2-кеңешмесинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу сүйлөшүүсү өттү. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Казакбаев маектешине 28-29-30-апрелдеги окуялар жана Баткен облусундагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Ошондой эле кыргыз тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана тургандыгын баса белгиледи. Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген бирдиктүү пикирди билдиришти.

Камилов кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал чыккан аймактагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.