Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу тууралуу макулдашты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен чек арадагы кырдаалды көзөмөлгө алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кыргыз жана тажик тараптан курмандыктарга алып келип жаткан жаңжалды тынч жол менен чечүү зарылдыгын баса белгилешти.  Министр Руслан Казакбаев кыргыз тарап башкалардын аймагына көз артпай турганын жана өз жерин башкалар менен бөлүшпөй турганын билдирди. Чек арага байланыштуу маселелер сүйлөшүү жолдору менен чечилиши керектигин баса белгиледи. 

Эки тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен саат 20:00дөн тарта ок атууну токтотуу жана чек арага келген аскер күчтөрүн мурунку орундарына кайра жайгаштыруу тууралуу келишимге жетишилди.

«Ошондой эле жакынкы бир нече саатта жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда укук коргоо жана коопсуздук органдарынын башчыларынын өзүнчө жолугушуусун өткөрүү макулдашылды, анда кырдаалды жөнгө салуунун мындан аркы жолдору талкууланат», — дешти министрликтен.