Бүгүн, 28-декабрда кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Алар чек аранын калган участкаларынын долбоордук сыпаттамасы аяктаганын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жазды.
«Эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого жардам бере турган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө каалоолорун билдиришти. Чек арадагы иштер аяктагандан кийин тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жана эки өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасоону көздөшүүдө», — деп жазылат маалыматта.