Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

11-майда Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддиндин сүйлөшүүлөрү болду. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун механизминин экинчи кеңешмесинин алдында болду.

Министрлер эки мамлекеттин аймактарын жана чек араларын өз ара урматтап, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай тургандарын билдиришти. Ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешти. Кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, жакынкы келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөөнү аяктоо эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары турукташуусуна түрткү берип, эки мамлекеттин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн бардык чөйрөсүнө оң таасир тийгизе тургандыгына макул болушту.