Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Украинанын Кыргызстандагы элчиси Виктор Живтенко менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кант кызылчасын жана жүгөрүнүн, күн карама, арпа, буудайдын үрөнүн жеткирүү, айыл чарба азыктарын экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле элчи айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу максатында министрди Украинага чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары айыл чарба багытында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.