«Кыргызстан оң рулдуу унаалардын өлкөсү эмес». Депутат Балбак Түлөбаев сол рулдуу 15 миң долларлык унаа айдарын айтты

Кыргызстанга кайрадан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеп жатат. Бул маселе коомчулукта талкуу жаратууда. Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул сунушка каршылыгын билдиргени маалым.

SUPERTV бул боюнча депутаттардын оюн угуп, эл өкүлдөрү кандай унаа айдайт жана баасы канча экенине кызыгып көрдүк.

Депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстан оң рулдуу унааларын өлкөсү эместигин атат. «Ал үчүн көп нерселерди өзгөртүшүбүз керек. Жеке мен колдобойм», — деди ал. Ал учурда айдап жүргөн унаасы сол рулдуу экенин айтып, 15 миң долларлык экенин билдирди.