Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кыргызстанда 2,5 миңден ашык бала мектепке барбай калган. Президент эмне тапшырма берди?

18:02 13.12.2021
0
Кыргызстанда 2,5 миңден ашык бала мектепке барбай калган. Президент эмне тапшырма берди?

Президент Садыр Жапаров “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз жарандарынын билим алууга конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелеринин биринчи класстарына кабыл алынуучу окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды аныктоо жана алардын билим алуусу боюнча чараларды көрүү максатында иштелип чыккан.

Жалпы билим берүү мектептерине барбаган балдардын санынын өсүшү Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын актуалдуу проблемаларынын бири болуп эсептелет. Айылдарда жана шаарлардын райондорунда жашаган мектепке чейинки жана орто мектеп жашындагы көптөгөн балдар мектепке барбайт же дайыма барып турбайт. Мектепке таптакыр барбаган же окуусун үзгүлтүккө учураткан, сабактарга катышпаган балдар туш болгон проблемалар азыркы мезгилде кыйла татаал болуп эсептелет жана балдар аларды өздөрү чече албайт. Алардын айрымдары ата-энесине жардам берүү үчүн иштөөгө аргасыз болсо, айрымдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, ал эми кээ бири начар үй-бүлөдө жашайт. Талаада, жайлоодо ата-энесине жардам берүүгө, тамак табуу үчүн иштөөгө, инилерин, карындаштарын, сиңдилерин кароого тийиш болгон үй-бүлөлөрдө жашаган балдар бар. Ата-энелер өздөрү жашы жеткен балдарын мектепке жиберүүнү каалабаган же аларга билим берүүнү милдеттүү деп эсептебеген учурлар көбөйүп жатат.

Алсак, Улуттук статистика комитетинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурдагы окуу жылынын башында 2,5 миңден ашык бала жалпы билим берүү уюмдарына окууга келген эмес. Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп ата-энелердин материалдык кыйынчылыктары (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттарынын жоктугу), ата-энесине жардам берүү жана иштөө зарылчылыгы, ата-энелердин диний себептер боюнча балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартуусу, ата-энесинде балага деген документтердин жок болушу, бир туугандарынын балага көңүл бурбоосу (ата-энеси миграцияга кеткен учурда) эсептелет. Бул проблемага чара көрүү боюнча максаттуу мамлекеттик саясат балдардын ар кандай категорияларына, анын ичинде майып балдарга, аялуу категориядагы үй-бүлөлөрдөгү балдарга билим алуунун жеткиликтүүлүгүн, демек, жалпысынан сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө тийиш.

Кыргыз жарандарынын билим алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу жана башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүү мекемелериндеги биринчи класска кабыл алынууга тийиш болгон окуучулардын контингентин сарамжалдуу пландоо, окубаган балдарды табуу жана аларды окутуу үчүн чараларды көрүү максатында, Конституциянын 27, 46, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

  1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте эки жумалык мөөнөттө:

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон мектеп жашындагы балдардын эсебин алсын;

– жалпы билим берүү мектептерине киргизилбеген, окууга келбеген же окууну токтоткон балдарды жалпы билим берүү мектептерине киргизүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.

  1. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды тапсын жана зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтсүн.
  2. Ушул Жарлыктын 1, 5-пункттарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
  3.  Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

– эки айлык мөөнөттө баланын башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алуусу үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же чектеген ата-энелердин, балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана аны Жогорку Кеңешке кароого киргизсин;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 388 “Мектеп курагындагы жана мектепке баруучу курактагы балдарды каттоого алуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун аткарылышы жөнүндө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин отчетторун жыл сайын 1-июлга чейин карап турсун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу финансылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

  1. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жалпы билим берүү мектептерине балдардын баруусун системалуу түрдө талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын.
  2. Башкы прокуратура башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарынын камсыз кылынышына жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзсүн.

Жыл сайын 1-июлга чейин президенттин администрациясына башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын талаптарынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышы жөнүндө маалыматты берип турсун.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү