Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоо болот. Учурда бардык шайлоо участоктору ачылып, добуш берүү башталды.
Парламенттик шайлоодо 4,29 миллион шайлоочу добуш бере алат, алардын 103 400ү биринчи жолу добуш берет.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 29-ноябрда эл аралык байкоочулар үчүн өткөн брифингде билдирди.
Ал «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, өлкө 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөнүн белгиледи.
«Ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны болжол менен 140 000ди түзөт, ал эми уруксат берилген четтөө плюс же минус 20% түзөт», — деди ал.
Шайлоочулардын жалпы санынын 48,5% (2 081 514) эркектер, ал эми 52,5% (2 212 729) аялдар.
Шайлоочулардын жаш курагы боюнча төмөнкүдөй:
18 жаш – 103 744 шайлоочу;
19-35 жаштагылар – 1 707 329 шайлоочу;
36-45 жаштагылар – 924 478 шайлоочу;
46-55 жаштагылар – 651 676 шайлоочу;
56-65 жаштагылар – 530 193 шайлоочу;
66 жаштан жогоркулар – 379 миң 620 шайлоочу.