Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда саат 08:00дө Жогорку Кеңештин (парламент) депутаттарын шайлоого добуш берүү өнөктүгү башталды. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
2021-жылдагы шайлоо жаңы аралаш система боюнча өтүүдө: 54 депутат партиялык тизме боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча.
Шайлоого 21 партия (шайлоо босогосу 5%), бир мандаттуу округдар боюнча 284 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесинде Кыргызстандын 3 миллион 703 миң 420 жараны бар. Кыргызстанда жалпы шайлоо участкаларынын саны 2435 болсо, чет өлкөдө 59 шайлоо участкасын түздү.
БШК, Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды бет кап тагынууга, аралыкты сактоого жана санитардык талаптарды сактоого чакырат.












