Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасын мамлекеттик жөнгө салууну сунушташууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору Экономика жана соода министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду. Мамлекеттик жөнгө салууну 90 күнгө белгилөө сунушталууда.

Бул аралыкта күйүүчү майдын максималдуу баасын мамлекет өзү аныктайт. Ошол эле учурда Министрлер кабинети мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде баалар 20 пайызга көтөрүлгөндө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн экенин эске салды. Бирок бул факты белгилене элек.