Кыргызстанда насыяга үй алуунун үстөк пайызын 10 пайыздан 4 пайызга түшүрүү сунушталды

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз жарандарынын бөлүп-төлөө иретинде үй алүүсу боюнча талкууланды.

“Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып жатып, мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттарынын пайыздык өлчөмүн азайтуу жана баштапкы төлөмүн алып салуу жактарын кайра карап чыгуу сунушталганы айтылды. Демилгечи депутат Аалы Карашевдин айтымында, азыркы учурда мамлекеттик ипотекалык насыялоонун пайыздык өлчөмү баштапкы төлөмгө жараша жылдык 6-8 пайызды түзөт, мындан тышкары жакынкы арада мамлекеттик ипотекалык насыялоо боюнча пайыздык өлчөмдү жылдык 4 пайызга чейин этап менен төмөндөтүү пландалууда.

Маалымат боюнча өлкөдө 300 миңден ашуун үй-бүлөнүн турак жайы жок. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова жаңы программанын бекитилишин күтүп жаткандыгын жүйө келтирип, быйыл эч кандай насыялоо жүргүзүлбөгөнүн кошумчалады. Ал эми 2019-жылы 712, 2020-жылы 474 насыя берилген.