Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими уланууда. Президенттин парламенттеги өкүлү министрдин орун басарынын сөзүн четке какты

Депутат Бакыт Төрөбаев президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн Кыргызстандагы өзгөчө кырдаал тууралуу так маалымат берүүнү суранды.

«ЖМКлар Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынганын санариптик өнүктүрүү министринин орун басарына шилтеме кылып жазышууда. Анын маалыматы жок. Эмне болуп жатканын көрүп жатасызбы?» — деп сурады ал. 

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Алмаз Айылчиев өлкөдө өзгөчө кырдаал режими алынган деген маалыматты четке какты. «Тилекке каршы, баяндамачы туура эмес айтты. Бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаал режими күчүндө», — деди ал.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынганын билдирген.