Парламенттик шайлоого жарым миллиард сомдон ашык каражат сарпталат

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого казынадан канча сарпталарын айтты.

Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча өнөктүккө 602 миллион сом керектелет. Нуржан Шайлдабекова бул алдын ала айтылган чыгымдар экенин баса белгиледи. Кээ бир чаралар эске алынган эмес жана аларды ишке ашыруу үчүн башка булактардан каражат табуу керек болот. БШК жакынкы күндөрү сметаны бекитет. 

Бул шайлоодо АШК болбойт. Алардын ордуна округдук шайлоо комиссиялары түзүлгөн.