Кыргызстанда социалдык мекемелердеги тамак-аштын суткалык нормалары эки эсеге жогорулады

Президент Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Тийиштүү тапшырманы мамлекет башчысы 3-декабрда Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда берген.

Ошентип, социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган ата-энесинин көзөмөлү жок калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана адамдардын, улгайган жарандардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатында, Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Министрлер кабинети:

1) 2022-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдүн тамактанууга акчалай ченемин 100 пайызга көбөйтсүн:

— Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;

— Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;

— Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;

2) ушул жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.