Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Министрлер кабинетине тапшырылат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;
- Бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.