Кыргызстанда УКМКнын академиясын ачуу пландалып жатат

Кыргызстанда УКМКнын академиясын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы №64479 аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышуусунун жүрүшүндө маалым болду.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоону жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында УКМКнын академиясын куруу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер чечилүүдө», — деп айтылат маалыматта.