Кыргызстандан 17 фура алтын концентратынын чыгып кетиши боюнча Садыр Жапаров үн катты

«Урматтуу депутаттар, трибунага чыгып сүйлөрдө ошол ишти тактап алып, чын-аныгын тактап алып сүйлөсөңүздөр деген суранычым бар. Сиздер эл өкүлдөрүсүздөр. Мен жакында алтын концентраттар боюнча маселе көтөргөн Аккулу Бердиев жөнүндө айтып жатам», — деди Садыр Жапаров парламенттин жыйындар залында.

«17 фура алтын чыгып кетти деп элдин баарын дүрбөттү. Алтын аралашмасы бар концентраттар кечээ эле чыгып жаткан жок. Мыйзамдын негизинде 20 жылдан бери чыгып келет. Андан салык түшүп жатат. Бүгүнкү күндө 3,5-4 миллиард сомго чейин салык түшүптүр. Мындан ары же салыгын көтөрөбүз же өлкө аймагында кайра иштеп чыгуу жагын караган мыйзам долбоорун киргизебиз. Жөн отурган жокпуз», — деди ал.

22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев Кытайдын «Кайди» компаниясы Кыргызстандан 17 фура алтын рудасынын концентратын алып чыгып кеткенин айтып, муну Бажы кызматындагы коррупцияга байланыштырып, текшерүүнү талап кылган эле. Бул боюнча Бажы кызматынан комментарий беришип, алтындын рудасынын концентраты чындыгында эле чыгарылып кеткенин тастыкташкан.