Кыргызстандан контрабанда жолу менен алтын чыгабы? Президенттин жообу

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров «Кабарга» маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорго жооп берген. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы сөздү улай жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сынга алуу менен мамлекет башчынын бир тууган агасын да сөзүнө кошуп кеткен.

— Кыргызстандан контрабанда жолу менен алтын чыгабы? Негизи эле өлкө аймагында канча алтын өндүрүүчү компания бар жана өндүрүлгөн алтындар кандай жол менен сатылат?

— Өлкө боюнча 132 алтын кени иштеп атат. Мунун ичинен болгону 17 эле алтын кенинде мамлекеттин үлүшү бар. Алардын баары онлайн көзөмөлдө. Эч бир мамлекеттик кызматкерде бир грамм дагы алтын уурдаганга мүмкүнчүлүк жок.

Калган жүздөн ашык кендерди жеке менчиктер иштетет. Булар тээ илгертен бери эле жеке менчикке берилип кеткен лицензиялар экен. Ушулардын кожоюндары алтындарын Улуттук банк же “Кыргызалтын” аркылуу сатпай, түз чыгарып кеткенге аракет кылып, анан кармалып жатышат. Мындай кадамга баргандарынын бир эле себеби – бажы, салык төлөмдөрүнөн качуусу.

Түз чыгарып кетсе, аларга пайдасы көбүрөөк болот да. Ошого карап контрабанда аркылуу чыгарып кеткенге аракет кылышат. Бирок кармалып, алтындары мамлекеттин пайдасына конфискация болуп жатат. Буларды УКМК, ИИМ, Чек ара, Бажы кызматтары биргелешип кармап жатышат. Анын баарын ачык эле көрсөтүп жатышпайбы. Кайсыл тармакта уурулук болбосун, баарын ачык көрсөтөбүз, жашыруун эмес.