Кыргызстандын 60тан ашык ведомстволорунун аталыштары өзгөртүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин 12-октябрдагы жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамдын 13 жана 17-беренелерине ылайык токтом кабыл алынды.

Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:

  1. Тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен туризм чөйрөсүндөгү функцияларды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берүү менен Экономика жана коммерция министрлигине жана Финансы министрлигине бөлүү жолу менен Экономика жана финансы министрлиги;
  2. Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине бөлүү жолу менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.

Төмөнкүлөр кайра аталсын:

1) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги —  Айыл чарба министрлиги болуп;

2) Энергетика жана өнөр жай министрлиги —  Энергетика министрлиги болуп;

– өнөр жай чөйрөсүндөгү (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) – Экономика жана коммерция министрлигине;

– геология, жер казынасын коргоо жана жер казынасын пайдалануу, өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын пайдалануу, геологиялык иштерди жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, ошондой эле көмүрдүн жана отундун сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине;

3) Инвестициялар министрлиги аны Министрлер Кабинетинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (KADI)” мамлекеттик мекемеси болуп;

4) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп;

5) Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аны Финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы болуп;

6) Министрлер кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борбору аны Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору болуп;

7) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институту аны Министрлер кабинетинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту” мамлекеттик мекемеси болуп;

8) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы болуп;

9) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы болуп;

10) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Аккредитациялоо борбору болуп;

11) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору болуп;

12) Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси болуп;

13) Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы болуп;

14) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Туризм департаменти болуп;

15) Экономика жана финансы министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы болуп;

16) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлигине караштуу Салык кызматы болуп;

17) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматы болуп;

18) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду болуп;

19) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти болуп;

20) Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору Финансы министрлигинин Окуу борбору болуп;

21) Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти болуп;

22) Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент болуп;

23) Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги аны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти болуп;

24) Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине тиешелүү штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, ошондой эле төмөнкүлөрдүн сакталышын мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын өткөрүп берүү менен Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат болуп:

– өнөр жай коопсуздугу, геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын (тоо-кен көзөмөлү);

– көмүрдүн жана отундун сапатына милдеттүү талаптардын;

25) Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту болуп;

26) Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту Энергетика министрлигине караштуу “Энергодолбоор” Кыргыз мамлекеттик илимий-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту болуп;

27) Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы аны Экономика жана коммерция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасы болуп;

28) Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы болуп;

29) Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы болуп;

30) Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти болуп;

31) Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттиги Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаменти болуп;

32) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы болуп;

33) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы болуп;

34) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы болуп;

35) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызмат болуп;

36) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер жана суу мамлекеттик инспекциясы Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат болуп;

37) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти болуп;

38) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти болуп;

39) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаменти болуп;

40) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаменти болуп;

41) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Балык чарба департаменти Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти болуп;

42) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык дары-дармектерди, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбор Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департамент болуп;

43) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасы Айыл чарба министрлигине караштуу “АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” мамлекеттик ишканасы болуп;

44) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту болуп;

45) Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту болуп;

46) Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы болуп;

47) Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат болуп;

48) Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы болуп;

49) Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы болуп;

50) Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү функцияларды аталган министрликтин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти болуп;

51) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык контролдоо мамлекеттик инспекциясы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы болуп;

52) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттик (Кыргызгидромет) аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Гидрометеорология кызматы болуп;

53) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борбору Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти болуп;

54) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти болуп;

55) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти болуп;

56) Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Климаттык каржылоо боюнча борбор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору болуп;

57) Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы болуп;

58) Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасы болуп;

59) Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Тармактар аралык окуу борбору аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагына өткөрүп берүү менен Тармактар аралык окуу борбору болуп;

60) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызмат болуп;

61) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт көзөмөлү боюнча кызмат болуп;

62) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы болуп;

63) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттик Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти болуп;

64) Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы “Витязь” мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун карамагына өткөрүп берүү менен “Витязь” мамлекеттик ишканасы болуп.