Айыл чарба министринин биринчи орун басары дайындалды

Нурдин Алишеров айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ал 1982-жылы 1-июлда төрөлгөн. Борбордук Азиядагы Америка университетин, Япониянын Эл аралык университетин аяктаган, экономист, социолог.

Өткөн аптада Мурат Байдылдаев коррупцияга шектелип УКМКнын тергөө абагында жаткан Ильич Марсбек уулунун ордуна айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган.