Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси макулдашылбаган билдирүүсү үчүн катуу сөгүш алды

«Спутник Азербайжандын» пресс-борборундагы маалымат жыйынына шилтеме кылуу менен Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин “Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады” деп бир катар ЖМКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгиленген маекте бул тууралуу сөз да болгон эмес. Аны менен бирге, ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады.