Кыргызстандын делегациясы Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирди

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан ооган элине гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Гуманитардык жүк Оооганстандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылган. Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болгон. Анын жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты. Абдул Гани Барадар Ооган элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди. Ал Ооганстандын болгон муктаждыгын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле өлкөнүн каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи.

«Сүйлөшүү учурунда Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди. Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарда Таалатбек Масадыков Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү», — деп айтылат маалыматта.