Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешке кайрадан шайлоого катышуудан баш тартты

Бүгүн, 10-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн арыз берген партиялардын ичинен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы шайлоодон баш тартуу арызын беришти.

“Партия Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышпайт. Бул чечим салмактуу жана кылдаттык менен кабыл алынып, партиянын ички саясий кеңеши тарабынан узак талкуудан кийин кабыл алынды”, — дешет Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынан.