Шаршемби, 18.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу жаңы эрежелер боюнча иштөөгө даярданууда

17:15 29.03.2021
0
Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу жаңы эрежелер боюнча иштөөгө даярданууда

Биринчи вице-премьер Артем Новиков фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү жана ата мекендик дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен көчмө жыйын өткөрдү.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу, саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан берилген дары-дармектерге акы төлөөнүн кармалуусу, дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоого байланыштуу көйгөйлөр, ата мекендик дары-дармек рыногунун ЕАЭБ талаптарына жооп берүүсүнө тийиштүү маселелерди көтөрдү, ошондой эле дармектерди мыйзамсыз киргизүүгө жана аларга карата баалардын жогорулашына алып келүүчү кошумча нарк салыгынын киргизилиши боюнча кооптонуусун билдиришти.

«Жогорку кирешелүү фармацевтикалык рынокто бардыгы эле эреже боюнча иш алып барбасы түшүнүктүү. Максималдуу киреше алууга умтулган «күңүрт» схема боюнча иштөөгө аракеттенген белгилүү ташуучулар бар. Мындай фактылар орун алууда, болбосо жарандар Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү дары-дармектерге карата баалардын ажырымына нааразы болмок эмес. Жана бул рецепттик дармектерге гана тийиштүү эмес. Рынокту жөнгө салуу ушунчалык күчөтүлгөндүктөн, таңгактын дизайнындагы майда өзгөртүүлөр да Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинде алты айлап макулдашууну талап кылат. Көптөгөн өндүрүүчүлөр рыноктун кичи көлөмүнө байланыштуу дармектерди Кыргызстанда каттоого кызыкпайт, бул дары-дармектердин баасына өз таасирин тийгизет. Биз дары-дармектерди каттоого алуу жана кайра каттоо боюнча талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, Европа, Россия жана башка өлкөлөрдөгү жүгүртүүдөгү дары-дармектерди таануу үчүн мүмкүнчүлүк түзүүбүз керек. Департамент кагаз жүзүндөгү текшерүүнү гана жүргүзөт. Буга катар биз рыноктогу фармацевтикалык дармектердин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүбүз жана маанилүү дары-дармектерге карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүбүз керек», — деп белгиледи Артем Новиков.    

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектерге бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу идеяны жалпысынан колдоого алды.

«Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө пайдаланылат. Бирок биздин өлкөдө мамлекеттик жөнгө салуу механизмин баскычтуу түрдө ишке киргизүү керек. Биздин рынок кичине жана ал толук кандуу мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилишине даяр эмес. Биз аталган маселени талкуулоого даярбыз. Ал үчүн ченемдик-укуктук актыларды талапка ылайык келтирүү керек», — деп эсептешет фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү.

Ошондой эле диагностикалоо үчүн реагенттерди, медициналык кол каптарды,  компьютердик томографтарды киргизүү, бажы кызматы менен өз-ара аракеттешүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ЕАЭБ эрежелери боюнча каттоо көйгөйү, дарыканалардагы рецептуралык-өндүрүштүк бөлүмдөрдүн ишине тийиштүү маселелер  козголду.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эки жума ичинде дары-дармектерди киргизүү боюнча, атамекендик жана чет элдик дармектерди каттоо жана кайра каттоого алуу мөөнөтүн кыскартууга тийиштүү, регистрациялык досьеге өзгөртүү чектеринин критерийлерин иштеп чыгуу боюнча ченемдик-укуктук акты долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тараптан жооп болбогон учурда «унчукпоо макулдуктун белгиси» принцибин ишке киргизүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Департаменттин ишин оптималдаштыруу жана андагы санариптештирүү процессин тездетүү, дарыканалардагы тартыштыктарды болтурбоо үчүн коронавирус инфекциясына каршы дармектердин ар бир ай боюнча муктаждыктар графигин түзүү, ошондой эле атамекендик фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоосу тапшырылды.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:49 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте жеке курулуш...

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
07:59 17.03.2026
0

Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту....

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

08:09 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

08:29 17.03.2026
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

1
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

1
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү