Кыргызстандын жарандыгын алуу жана жарандыктан чыгаруу боюнча жарлыкка кол коюлду

Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы тарабынан киргизилген сунуштун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандыгынан 242 адам чыгарылса, 81 адам жарандык алган. Тиешелүү жарлык кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирет.