Кыргызстандын картасына байланыштуу чуу боюнча Башкы прокуратура үн катты

Кечээ, 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча Башкы прокуратура билдирүү таратты.

«Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы менчик ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт. Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп сар-санаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн баарынан жогору турат», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандын аймагынын ичинде жайгашкан Ворух анклавы сүрөттө көрсөтүлгөн картада өлкөнүн аймагынан бөлүнүп так көрсөтүлгөнү соцтармакта талкууга түшүп, мындай одоно катага жол бергендер катуу сынга алынган.