«Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен иш жүргүзүлөт». Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.

Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды. Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Кеңешменин жыйынтыгында Ташиев Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.