Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кийинки окуу жылынан тартып “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы киргизилет

18:39 08.06.2022
0
Кийинки окуу жылынан тартып “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы киргизилет

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

1990-жылдары динге ишенгендердин көпчүлүгү эки конфессияга: ханафий мазхабындагы суннит исламына жана православ христиан динине таандык болгон. Бирок көз карандысыздык мезгилинде өлкөнүн аймагында постсоветтик өлкөлөр үчүн жаңы христиан, ислам багыттарындагы жана дүйнөлүк агымдардын идеяларын жайылтуучу башка түрдүү диний уюмдар да активдүү иш жүргүзө баштады.

Соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча да, Борбордук Азия регионунда да диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнүн айынан социалдык-саясий кырдаалдын татаалданышы байкалууда. Бул тенденция мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген зомбулуктун жана экстремисттик иштин жайылуу коркунучуна алып келет.

Жалпысынан диний экстремизмди жана терроризмди дин деп түшүнбөстөн, анын радикалдуу формаларына каршы туруу керек. Кыргыз Республикасында конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү, светтик системаны теократиялык системага алмаштырууну эл алдында пропагандалоону камтыган радикалдуу диний идеологияларга мыйзам менен тыюу салынган.

Динге, анын Кыргызстандын тарыхындагы, маданиятындагы жана күнүмдүк турмушундагы ролуна болгон кызыгуунун өсүшү дин жөнүндө объективдүү илимий билимге массалык муктаждыкты жаратты. Бул муктаждыкты мектептик билим берүү түзүмүндө светтик билим берүү системасы канааттандырууга тийиш.

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп дин таануу билиминин жана агартуунун деңгээлин жогорулатуу саналат. Бул үчүн мамлекет мектептик билим берүү системасына дин таануу боюнча тиешелүү предметти киргизүүгө, мугалимдердин жана профилдик мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун институттарынын кызматкерлеринин жана башка кызыкдар тараптардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын иштеп чыгууга тийиш.

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында диндердин өнүгүү тарыхын окуу төмөнкү учурларды камтышы керек:

– окутуу заманбап илимий-методикалык ыкмаларга негизделүүгө тийиш;

– биздин өлкө үчүн дүйнөлүк жана салттуу диндер жөнүндө билим берүү окуучулардын дүйнөнү, маданиятты жана адамдын руханий жашоосун таануусуна жардам берүүгө тийиш;

– салттуу диндердин негиздерин билүү улуттук өзүн таанууну калыптандырууда, колдоодо жана сактоодо, экстремизм идеологиясын жана сабырсыздыкты алдын алууда маанилүү ролду ойнойт.

Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында дин таануу боюнча билим берүү гуманитардык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп, өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы жана адамзатынын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий билим бериши керек.

Жогоруда жазылгандарды эске алып, дин таануу боюнча билим берүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

  1. 2022-2023-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети базистик окуу планына киргизилсин.
  2. Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

– 9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин толуктап иштеп чыксын, экспертиза жүргүзсүн жана басып чыгарсын;

– 7-8-класстар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин иштеп чыксын, апробация жана экспертиза жүргүзсүн, басып чыгарсын;

– эмгек рыногунда талап кылынган, кошумча чектеш квалификациялары бар “Дин таануу” адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларында бюджеттик орундарды карасын;

– “2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ушул пунктта көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды Билим берүү жана илим министрлигине бөлүп берсин;

– Билим берүү жана илим министрлигине республиканын жалпы билим берүү уюмдарына “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин этап-этабы менен киргизүү үчүн зарыл болгон каражаттарды жыл сайын бөлүп турсун;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

– “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу укугу төмөнкү адамдарга берилет:

диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология жана окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөндүгү жөнүндө сертификаты бар адамдарга;

кадрлар жетишпеген учурларда, тиешелүү педагогикалык квалификациядан өткөн “тарых мугалими” квалификациясы менен педагогикалык билими бар адамдарга;

– “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу үчүн адамдарга уруксат берүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү текшерүү иш-чараларынын жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.

  1. Билим берүү жана илим министрлиги:

– менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарында 7-9-класстарда окугандар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин этап-этабы менен киргизилишин камсыз кылсын;

– аталган предметти окутуу үчүн окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуу курсун/модулун белгиленген тартипте иштеп чыксын.

  1. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ушул Жарлыктын 3-пунктунан келип чыгуучу чараларды иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Депутат Сурабалдиева: «Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
0

"Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азык-түлүккө, этке болгон баа белгиленген чектен ашпайт деп убада бергени менен, бирок баалар баары бир...

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
0

"Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда". Бул тууралуу президент...

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү