Министр Руслан Казакбаев Орусиянын чакыруусу менен расмий сапарга барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен эртең, 5-мартта Москвага расмий сапар менен барат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөш жана союздаштар. «Кызматташтык көп кырдуу, эл аралык жана аймактык маселелерге мамиленин жакындыгы, евразиялык интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө багытталгандыгы менен мүнөздөлөт», — деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 20-мартында Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрлердин биргелешкен билдирүүсүнө жана Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 2022-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюу пландалууда.