Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Армения Республикасын премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн жана эртең Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.