Кыргызстанга «Sinopharm» вакцинасы жакынкы арада алып келинет

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен вакцина маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматнан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар COVID-19га каршы күрөшүүдө эки мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Кытай тараптан бекер берилген 150 миң доза «Синофарм» вакцинасы жакын арада республикага жеткирилет. 

«Сизден кыргыз тарапка Кытай вакцинасын алууга көмөктөшүүңүздү суранабыз. Бул маселелердин тез арада чечилишине үмүттөнөбүз», — деди Жылдыз Бакашова. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргыз тарапка көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө жардам көрсөтөрүн убадалы.