Бишкекке Өзбекстандын парламентинин төрайымы келди

Бүгүн, 21-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева расмий сапары менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, ошондой эле Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды. Иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.