Кыргызстанга Татарстандын президенти келди

Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов кечээ, 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды. Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө. Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.