«Күрөшүүгө даярбыз». «Ордо» партиясынын лидери да шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров да добуш үчүн күрөшүүгө даяр экенин билдирди. Ал кайрылуусун соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Шайлоонун жыйынтыгы эки башка чыгып жатканы күмөн туудуруп жатат. Биздин талапкерлер эки миң добуш алгандары БШКнын кийинки жыйынтыгы боюнча 268ге чейин түшүп калганы чоң суроо жаратат. Биздин тарапташтар, башыңыздарды бийик көтөрүңүздөр. Эч качан чөкпөгүлө. Жеңиштер али алдыда! Бул күндөрдө баарыбыз чогуу болуп, сиздердин ар бир добушуңуздарды коргоп, ошону менен бирге күрөшүүгө даярбыз!» — деп жазды ал.

«Ордо» партиясынын лидери эки күн бою дайыны белгисиз болуп, бүгүн гана анын дайыны маалым болду.