Кытай элчилиги вакцинадан адам өлүмү катталганы тууралуу маалымат тараткандарды сындады

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги «ТИМ кызматкери коронавируска каршы эмделгенден кийин каза тапты» деген маалымат боюнча нааразычылыгын билдирди.

«КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты расмий төгүндөдү, ошондой эле Бахтияр Шакиров вакцина албаганын билдирди. Бахтияр Шакировдун өлүмү Кытайдын коронавируска каршы вакцинасы менен байланыштуу эмес. Айрым адамдар бул фактыны тактабай туруп, негизсиз түрдө жалган маалыматты соцтармактарга таратып, Кыргызстан коомчулугунда терс маанайды жаратып жиберишти. Мындай иш-аракеттер Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилеге көлөкө түшүрүп гана тим болбостон, каза тапкан адамга да акаарат келтирип жатат. Кытай тарап мындай жоопкерчиликсиз жана душмандык жүрүм-турумду кескин сындайт», — деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен Кытай дүйнөдө коронавируска каршы вакцинаны ийгиликтүү иштеп чыккан алгачкы мамлекеттерден экенин белгилешти.

«Кытай бул вакцинаны гуманитардык жардам катары 80 мамлекетке берип жатат, дагы 47 өлкөгө экспортко жөнөттү. 70тен ашуун мамлекет кытайлык вакцинаны колдонууга уруксат беришти. Кытай вакцинасынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу эл аралык коомчулук тарабынан кеңири таанылган«, -дешет элчиликтен.