Кытай кыргыз элинин 70 пайызы коронавируска каршы эмделиши керек экенин айтууда

Кытай кыргыз элинин 70 пайызын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү керек экенин айтып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Осмон Турдумамбетов чек ара аркылуу транспорт каражаттары аз өтүп жаткандыгынын себебин сураган. «Кытай, Казакстан менен көйгөйлөр кандай чечилип жатат? Ишкерлерде көп суроо жаралууда», — деди ал.

«Ачык айтайын, бүгүнкү күндө чек арадагы посттор аркылуу 30-35 унаа өтүүдө», — деп жооп берди МукашевТурдумамбетов бул аз экенин белгиледи. Мукашев аны менен макул болду.

«Себеби Кытай менен сүйлөшүүлөрдө алар калкты эмдөө маселесин коюп жатышат, биздин элдин 70 пайызын эмдөө зарыл экенин айтышууда», — деди Мукашев.