Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Президент акыркы бир нече жылда, анын ичинде пандемияга карабай, Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана товар айлантууда алдыңкы орундардын бирин ээлеп келе жатканын белгиледи. Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Ал учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аны менен бирге соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо максатында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы дайымкы аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.
Өз кезегинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Садыр Жапаровго жана кыргыз элине КЭР төрагасы Си Цзинпиндин жылуу саламын жана кайрылуусун жолдоду. Ал Кыргызстан менен ынак коңшулаштык мамилени чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, өлкөгө стабилдүүлүк жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү каалады. КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион доллар тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи. Ошондой эле Ван И КЭР өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди. Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу зарылдыгы туурасында пикирин колдоду.