Кытай Кыргызстанга 1500 тонна буудай жана коронавирустан коргонуу каражаттарын берет

Бүгүн, 9-сентябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашкан. Ошондой эле тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштуруунун тиешелүү маселелерин талкуулашты.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргелешип күрөшүү багытына өзгөчө көңүл бурулду. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытайдын Кыргыз Республикасына 1500 тонна буудай, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүү чечими тууралуу маалымат берди. Бул контекстте Казакбаев КЭРдин Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүдө дайыма көрсөткөн колдоосуна жана кезектеги гуманитардык жардам берүү чечимине ыраазычылыгын билдирди. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлде активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришкен.