Кытайлык инвесторлор жана ишканалардын коопсуз болоруна убада берилди

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 30-октябрда Кытайдын  Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жапаров дипломат  менен сүйлөшүүдө мамлекеттеги коомдук-саясий кырдаал кыска убакыттын ичинде турукташкандыгын белгиледи.

Элчи Кытай өкмөтүнүн атынан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Сүйлөшүүнүн алкагында элчи өлкөдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурду. Садыр Жапаров элчини кытайлык инвесторлор жана ишканалар өздөрүн коопсуз деп сезе беришсин деп ишендирди.