Кечээ, 10-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда ал аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.
9-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сөгүш жарыяланган аткаминер тууралуу «кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек» деген. Өлкө башчысы анын «кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар» деген депутатка жооп бере албай койгонун айткан. Ал министрдин орун басары боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына тапшырма бергенин кошумчалаган.