Садыр Жапаров: «Күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүлөт»

2021-жылдын күз айларында парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын “Казинформ” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

“Жакында жергиликтүү шайлоолор болот, референдум өтөт. Аны дагы таза өткөрөбүз. Ал эми күзүндө парламенттик шайлоо болот. Биздин мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. Мыйзам президенттен баштап, колуна кетмен кармаган дыйкандарга чейин бирдей болушу шарт. Азыр биз мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуп жатабыз”, — деди президент.

Андан сырткары Садыр Жапаров бардык иштер бир жыл ичинде болуп кетпестигин, кеминде 2-3 жыл керек экендигин кошумчалады.